Кызматтар

Үлгү даярдоо

Үлгүлөрдү кабыл алуу жана өткөрүп берүү

Толук байкоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн, үлгүлөрүңүз биздин лабораториялык маалыматты башкаруу системасы LIMSке катталып, штрих-код аркылуу белгиленет. Үлгүлөрүңүз системага катталгандан кийин, сактоонун негизги принциптери болгон ишенимдүүлүккө жана коопсуздукка кепилдик берилет. Ошондой эле, үлгүлөрүңүздү лабораториябызга жер же аба транспорттору аркылуу жеткирүү боюнча кеңеш бере алабыз.

Үлгүлөрдү сактоо

Анализге берилген материалдар лабораториянын кампаларында акыркы талдоо отчетун берген күндөн тартып, белгилүү бир мөөнөткө чейин акысыз сакталат. Анализден өткөн үлгүлөр 90 күн, майдаланган үлгү калдыктары 45 күн сакталат. Лабораторияда узак мөөнөткө сакталган үлгүлөр үчүн ай сайын төлөм алынат. SAEL үлгүлөрүн сактоочу жайлары ишенимдүү, коопсуз сактоо шарттарын, ошондой эле аба ырайынан коргоону камсыз кылат жана бардык үлгү архивдөө аймактары лабораториялык байкоо системасына киргизилген, долбоорлоруңуздан алынган бардык үлгүлөр кампадагы сакталган жеринен көзөмөлдөөгө болот.

Үлгүлөрдү даярдоодо пакеттери

Үлгү даярдоо процесси - лабораторияга берилген материалдан кичинекей, репрезентативдик жана бир тектүү аналитикалык үлгүнү алуу. Бул үлгүлөрдү даярдоо кызматтарынын топтомдорунун түрлөрү жеткиликтүү жана үлгү даярдоо пакеттери сиздин долбоордун кандайдыр бир конкреттүү талаптарына ылайыкташтырылышы мүмкүн. SAELде үлгүлөрдү даярдоо боюнча суроолоруңузга жардам берүү үчүн иштелип чыккан кенен экспертиза кызматтары бар. Төмөндөгү бардык үлгүлөрдү даярдоо пакеттери лабораториялык көзөмөлдөө системасына үлгүлөрдү каттоону жана таразаны камтыйт. Ашыкча нымдуу үлгүлөр кошумча кургатууну талап кылгандыктан, кошумча төлөмдөрдү талап кылышы мүмкүн.

Керн үлгүлөрү жана тоо тектери

Минералдаштырылган үлгүлөр боюнча биз менен кеңешүү маанилүү, алар лоттогу башка үлгүлөрдүн булганышын алдын алуу үчүн атайын тазалоочу жабдууларды талап кылышы мүмкүн.

Топурак жана чөкмө үлгүлөрү

Топурак менен чөкмөлөрдүн үлгүлөрү талдоодон мурун ири таштарды жана органикалык материалдардан арылуу үчүн жалпы электен өткөрүлөт. Жеңил учуучу элементтерди жоготуп албаш үчүн кургатуу температурасы төмөн болушу керек.

Үлгүлөрдү даярдоодо жеке процедуралар

Төмөнкү процедуралар өзүнчө колдонулушу мүмкүн же атайын үлгү өлчөмүнө жана курамына жараша талаптарга жооп берүү үчүн бириктирилиши мүмкүн. Бул процедуралардын баасы үлгүнүн салмагына жараша коюлат.

Кургатуу

Кургатуу акысы өтө нымдуу үлгүлөр үчүн гана алынат. Үлгүлөрдү алгандан кийин лабораториянын жетекчилери кардар менен макулдашып, кандай процедуралардын колдонулушу керектигин такташат.

Майдалоо

Майдалоо сүрүү процедурасына чейин үлгү бөлүкчөлөрүнүн өлчөмүн майдалоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Өтө майда майдалоо үлгүнүн курамында ири алтындын бөлүкчөлөрү бар болгон учурда, үлгүнү бир тектүүлүккө жеткирүү үчүн талап кылынышы мүмкүн. Башка номиналдык өлчөмдөр жана параметрлер суроо-талап боюнча жеткиликтүү.

Кыскартуу
Майдалангандан кийин кээ бир үлгүлөрдү репрезентативдик аналитикалык үлгүгө чейин кыскартуу керек болушу мүмкүн.

Сүрүү

Чоң салмактагы пульпалар аналитикалык үлгүлөрдүн жакшыраак репрезентативдүүлүгүнө ээ жана алтынды электен өткөрүү жолу менен аныктоого болот, 250 г пульпа төмөнкү сорттогу тектер же минералдашпаган үлгүлөр үчүн кеңири колдонулат. Башка процедуралар белгиленбесе, бардык сүрүү процедуралары "учуучу диск" же "шакекче жана шайба" аз хромдуу болоттон жасалган сүргүчтөрдү колдонушат. Эгерде агат, вольфрам карбиди же цирконий оксиди сыяктуу металл эмес майдалоочу аспаптар кызыктырса, кайрылуу жасоого болот.

Башка Процедуралар

Бул процедуралар адистештирилген даярдоо же композициялык үлгүлөрдү даярдоо талап кылынганда колдонулушу мүмкүн. Кээ бир долбоорлорго сааттык тариф колдонулушу мүмкүн.