Кызматтар

Көп-элементтүү анализ

Aqua Regia ажыратуу ыкмалары

Методду туура тандоо геологиялык чалгындоо иштеринин ийгилигинин ачкычы болушу мүмкүн. Үлгү түрү, акыркы чекит жана көрсөткүч элементтери долбооруңузга эң ылайыктуу ыкманы тандоодо эске алынышы керек. Aqua regia көптөгөн минералдардын сульфиддерин, оксиддерин жана карбонаттарын силикаттарды жана рекалцитрант оксиддерди эритпестен, сандык жактан оңой ажыратат. Көптөгөн байланышкан учуучу элементтер, өзгөчө сымап, ажыроо процессинде сакталып калат. Бардык ушул жыйынтыктарды эске алуу менен, aqua regia алтын, күмүш, сульфиддердин жана карбонаттардын курамындагы негизги металлдарды камтыган кендердин ар кандай түрлөрү үчүн идеалдуу чалгындоо куралы болуп саналат. Эркин түрдөгү алтын, күмүш жана отко чыдамдуу (мисалы молибден) минералдарды жана элементтерди бул методдор менен аныктоо мүмкүн эмес. Ошондуктан “пробирный” сыноосу менен биргеликте колдонулган AR/UT же төрт кислоталуу эритүү методдору колдонулат. Үлгүнүн минималдуу салмагы 1 г. Aqua regia, ICP-MS жана ICP-AES тарабынан 46 элемент

Төрт кислотанын жардамы менен ажыратуу ыкмалары

Төрт кислотанын жардамы менен ажыратууда геологиялык материалдардагы дээрлик бардык минералдар эрийт. Бирок, кээ бир учурларда, отко чыдамдуу минералдардын толук сандык анализин алуу үчүн эритүү сыяктуу күчтүү ыкмалар талап кылынат. Аларга барит, сейрек кездешүүчү оксиддер, колумбит-танталит, калай жана вольфрам кириши мүмкүн. Төрт кислотанын жардамы менен ажыратууда кээ бир чалгындоо спутник-элементтерин, тагырак айтканда сымапты буулантышы мүмкүн. Сымапты атайын баада өзүнчө пакетке кошсо болот. Аны элементтердин ыңгайлаштырылган топтомун бир элемент үчүн “Aqua regia” менен ажыратып сыноого болот. Үлгүнүн минималдуу салмагы 1 г. Төрт кислота менен ажыратуу 46 элементтер, ICP-MS жана ICP-OES

Aqua Regia ажыратуу ыкмалары

Бул метод чалгындоо геохимиясынын биринчи этабы үчүн экономикалык жактан натыйжалуу болуп саналат. Кошумчалай кетсек, кээ бир негизги металлдар сандык жактан олуттуу деңгээлде эриген болсо да, көпчүлүк геологиялык матрицалар үчүн Aqua regia менен ажыратууда алынган маалыматтар анализделип жаткан конкреттүү элементтин эриген бөлүгү катары гана каралат. Үлгүнүн минималдуу салмагы 1 г. Aqua regia ажыратуу боюнча 35 элементтер, ICP-AES

Төрт кислотанын жардамы менен ажыратуу ыкмалары

Төрт кислота менен ажыратуу көпчүлүк минералдарды эрите алат жана "дээрлик толук" деген термин колдонулганы менен, кээ бир матрицаларда бардык элементтер сандык түрдө экстракция болбойт.

Төмөнкү сорттогу минералдаштырылган материалдар

Бул пакеттер төмөнкү сорттогу руда үлгүлөрүн же окшош минералдашуунун тоо тектеринин үлгүлөрүн талдоо үчүн экономикалык жактан натыйжалуу альтернатива катары колдонулушу мүмкүн. Методдун тактыгы геохимиялык анализдин тактыгы менен “сандык анализ” процедурасынын ортосунда болот. Үлгүнүн минималдуу салмагы 1 г.

Төрт кислоталар менен "дээрлик толук" ажыроо

Төрт кислота менен ажыратууда төмөнкү сорттогу минералдаштырылган материалдарга ылайыктуу жана MA/ES/H ыкмасы үчүн жакшыртылган тактыкты камсыз кылат. Үлгүнүн минималдуу салмагы 1 г.

Литийдин бораты менен балкып эритүү

Литий бораты менен эритип, андан кийин кислотада ажыратып, ICP-MS анализи элементтердин диапазону боюнча эң кеңири сандык анализдөөнү камсыз кылат. Бул ыкма минералдардын көбүн, анын ичинде туруктуу металлдардын түрлөрүн да эритет.

Металлургиялык үлгүлөр үчүн методдор

Кен үлгүлөрүнө металлургиялык анализ жасоо казып алуу процессин оптималдаштыруу үчүн абдан маанилүү. Туура натыйжа үчүн ушундай жогорку мааниге ээ болгон контролдук тесттер жогорку квалификациялуу адистердин кылдат иштөөсүн талап кылат. Ишенимдүүлүк, негиздүүлүк жана тактык үчүн натыйжалар эң жогорку сапатта болушу керек. Алтын кендеринин материалдарына металлургиялык ыкмаларын аныктоо үчун, SAEL лабораториясы өзүнүн толук методдорун сунуштайт. Металлургиялык материалдарга рудалар, концентраттар, доре куймалары, активдештирилген көмүр жана цианиддин эритмелери кирет. Бул материалдар үчүн химиялык жана металлургиялык сыноо ыкмалары колдонулат.

Активдештирилген көмүрлөр

Бул ыкмалар алтынга каныккан, алтындан арылтылган жана реактивация болгон көмүрдү камтыйт. Химиялык анализ үчүн үлгүнүн минималдуу салмагы 5 г, ал эми сыноо үчүн - 100 г.

Концентраттар

Концентраттын анализи бөлүп алуу процессин оптималдаштырууда жана металлургиялык сыноолорду жүргүзүүдө гана колдонулат. Үлгүнүн минималдуу салмагы 50 г.

Доре куймалары

Алтын жана күмүш куймаларын анлиздөөдө, жок дегенде эки дубликатты колдонуу менен пробирдик анализ жүргүзүлөт. Эритме аралашмалар, анын ичинде майда аралашмалар, aqua regia менен ажыраткандан кийин ICP-AESде анализ жүргүзүлөт. Үлгүнүн минималдуу салмагы 1 г.
Өндүрүш эритмелери
Цианид эритмелериндеги металлдар, анын ичинде алтын жана күмүш ICP-AES аркылуу анализделет.