Кызматтар

Металлургия

Металлургиялык сыноолор

Лабораториянын металлургиялык сыноочу жабдыктары бар, анын ичинде бөтөлкө аралаштыргычтын жардамы менен цианидди эритүү жана мамычаларды үймөктөп эритүү, Кнельсон байытуу фабрикасын колдонуу менен тартылуу концентрациясы, Svedala лабораториялык флотация жабдууларын колдонуу менен флотациялык сыноо.

Руданы Цианиддеп Эритүү

Код BR. Бөтөлкө аралаштыргыч сыноосу

Бөтөлкө аралаштыргычын колдонуп, алтынды цианид аркылуу бөлүп алуу тести кенди аныктоодо колдонулушу керек болгон анализдин бири. Тест 72 сааттын ичинде жүргүзүлөт, керек болсо, тестти кыска же узак убакыттын ичнде жүргүзүүгө болот. Тест сыноо бөтөлкөсүнө туура келе турган ар кандай өлчөмдөгү рудаларда жүргүзүлүшү мүмкүн. Бирок, циандала турган алтындын бар экендигин аныктоо жана эгер курамында бар болсо, андан аркы тестирлөө программасы боюнча чечим кабыл алуу үчүн баштапкы үлгүнүн абразирленген -0,075 мм (90%) аралашкан бөлүгүндө биринчи циандоо сыноосун жүргүзүү сунушталат. Ар бир сыноо үлгүсүнүн салмагы кеминде 100 г болушу керек. Баштапкы бөтөлкө аралаштыргыч сынагында аныкталган цианидделген алтынды жана анын жалпы курамы кийинчерээк сыноонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн кендин металлургиялык мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн майда-чүйдөсүнө чейин изилдөөлөр жасалат. Бөтөлкө аралаштыргычтын цианиддик эритмесин сыноо үчүн колдонула турган кендин бир бөлүгүнө электен өткөрүү анализи жасалышы керек. Бул маалымат кендеги алтындын өлчөмдөрү боюнча бөлүштүрүлүшү жана анын алынышына керектелет.
Сыноонун негизги этаптары
BR1. Руда даярдоо
BR2. Баштапкы рудадагы алтындын фракциялар боюнча бөлүштүрүлүшүн изилдөө
BR3. Физикалык касиеттерин аныктоо
BR4. Щелочтоп эритүүнүн көрсөткүчтөрүн баштапкы баалоо
BR5. Руданын өлчөмүнө жараша щелочтоонун негизги көрсөткүчтөрүн баалоо.
BR6. Натрий цианидинин эритмедеги концентрациясына жараша шаймалоо көрсөткүчтөрүн изилдөө
BR7. Табигый алтын сорбенттеринин бар экендигин изилдөө (эффект Preg Robbing)

Код СТ. Колонналардын перколяциялык эритүү сыноолору
Тестирлөөнүн негизги этаптары
СТ1.Үлгү даярдоо
CT2. Щелочтоо
Биологиялык кычкылдануу